Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын саны 656га жетти.
Анын ичинен: стационарда – 326, жандандыруу бөлүмүндө – 5 адам. 322 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.
Аймактар боюнча алсак:
- Ош облусу — 157;
- Бишкек — 147;
- Жалал-Абад облусу — 109;
- Ош шаары — 104;
- Нарын облусу — 83;
- Чүй облусу — 42;
- Ысык-Көл облусу — 8;
- Баткен облусу — 6.
Жаш курактары:
- 15 жашка чейин — 75, алардын төртөө — бир жашка чейинки балдар;
- 16 жаштан 19 жашка чейин — 18;
- 20 жаштан 35 жашка чейин — 179;
- 36 жаштан 55 жашка чейин — 239;
- 56 жаштан жогору — 145.