Биз менен байланышыңыз

Коронавируска кабылган прокурор реанимацияда жатат

Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 1129 | 0

Коронавирус диагнозу коюлган прокурор жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

— Ал дарыланууда. Дарылоо биздин дарыгерлердин колунан келет деп ойлойм, — деди Үсөнбаев.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктурган жаңы учур катталган эмес.

Буга чейин Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын ичинен 12 адам укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени айтылган. Кызматкерлерге коронавирус кызматтык милдеттерин аткарып жүргөндө жуккан. Алардын баары дарыланып жатат.

Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын саны 656га жетти.

Анын ичинен: стационарда – 326,  жандандыруу бөлүмүндө – 5 адам. 322 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.


28-апрелде Екатеринбургдан мекендештер алынып келинет

Copyright © 2017 Maral FM