Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 2 мая 2024 | 206 | 0

Бишкекте бүгүн 2-майда Кыргыз Республикасынын Эл акыны, сатирик Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов жана акындын калемдештери, маданият өкүлдөрү, үй-бүлөсү, жакындары катышты.

Акынды эскерүүдө анын басып өткөн жолу, сөз баккан, күйкум сөздүү, оюн таамай аткан адам экени айтылды.

Жолочу Рысбаев 75 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM