Connect with us

Путин Кытайга эки күндүк мамлекеттик сапары менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Май 2024 | 551 | 0
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин, 21-май, 2014-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 16-майда Кытайга барды. Ал президенттикке кайра келгенден кийин бекиткен негизги аткаминерлеринин дээрлик баарын алып барган.

Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 16-майда эртең менен эки жарым саатка созулган сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кытайдын төрагасы Си Орусия менен Кытайдын мамилеси «ири державалардын ортосундагы мамилелердин эталонуна» айланганын айтса, Путин алардын биримдиги эл аралык аренада стабилдештирүүчү негизги факторлордун бири экенин белгиледи.

Эки күндүк визит программасында концерттен кийин тар жана  кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр, эки тараптуу жолугушуулар каралганын Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков айтты.

BBC орус кызматынын жазганына караганда, тар форматтагы сүйлөшүүлөргө Путин жаңы дайындалган коргоо министри Андрей Белоусовду, азыр Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган Сергей Шойгуну жана тышкы иштер министри Сергей Лавровду чакырды.

Ал эми кеңири форматтагы сүйлөшүүлөргө орус өкмөтүнөн вице-премьер, бардык негизги министрлер, президенттин администрациясынын бир бөлүгү, 20дай губернатор, мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик компаниялардын башчылары барган.

Орусиянын президенти 16-17-майда Кытайда мамлекеттик сапары менен жүрөт. Анын алкагында соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланары кабарланган.

Мамлекеттик сапардын биринчи күнүндөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында орус жана кытай делегациялары он келишимге кол коюшканын РБК маалымат агенттиги жазды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM