Connect with us

Иш жарманкеси: 40-50 жаштагы жарандар жумуш табууда кыйналат

Коом | 16 Май 2024 | 633 | 0

Бүгүн Бишкекте жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү максатында жарманке өттү. Иш-чара Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Бош иш оорундар жана кесиптер” аталышында болду. Жарманкеге 40тан ашык компания катышып, 4500дөн ашык бош жумуш оруну сунушталды.

Бүгүн Бишкекте “Бош иш орундар жана кесиптер” жарманкеси өттү. Иш-чараны Бишкек мэриясы, Эмгек министрлиги Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте уюштурду.

Жумуш издеп келгендердин арасына 55 жаштагы Алия Бектешова учурда жаш курагына байланыштуу жумуш табуу оор экенин айтат.

Ал жарманке жумушсуз жарандарга пайдалуу болот деген ишеничте.

Учурда көп убакыттан бери жумуш карап жатам. Жумушчу издеген жарыялар көп. Бирок бардык жакта жаш ченемдүүлүгү бар. Мекемелердин көбү 18 жаштан 40 жашка чейинки жумушчуларды алат. 40 жаштан кийин жумушка кирүү кыйын. Биздин жашыбызда балдарыбыз мектепте окуйт, студент. Бизге иштөөгө туура келет. Ушул жагын өкмөт карап койсо жакшы болмок. Бүгүнкү жарманкеде жумушчу орундар көп экен. Байланыш номерлерин алып калдым. Жарманке мыкты деңгээлде болду. Ушундай жарманкелер көп болсо, бизге гана эмес жаштарга да абдан жакшы болот деп ойлойм”.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу, көмөктөшүү башкармалыгынын адиси Канатбек Чырмашов жарманкенин максаты элди жумуш менен камсыз кылуу экенин белгиледи.

Ал бул иш-чара жыл сайын Эмгек министрлиги тарабынан өткөрүлүп келерин айтты.

“Иш-чара Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Иш чаранын максаты жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү. Жарманкеге 40тан ашуун ири компания катышып жатат. Андан тышкары 4500дөн ашуу бош жумуш оруну сунушталууда. Бул иш-чара министрлик тарабынан жыл сайын өткөрүлүп турат. Кыргызстандын ар бир аймактарында өткөрүлөт. Эскерте кетсек, Бишкек шаары боюнча дал ушул жарменкени күз айларында өткөрүүнү пландап жатабыз”.

Ж. Баласагын атындагы улуттук универстетинин Өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн адиси Азиз Султанбековдун айтымында, абитуриенттердин туура кесип тандоосу жумушсуздукка алып келбейт.

Ал жарманке жарандардын жөндөмүнө жараша жумушка орношуусуна жардам берерин белгиледи.

“Бүгүнкү жарманкеде жарандар өзүнүн жөндөмүнө жараша жумуш тандай алышты деп айта алам. Жумушсуз калбаш үчүн адамдардын туура кесип тандоосу абдан маанилүү. Учурда кесип тандап жаткан абитуриенттер технологиялардын заманына байланыштуу IT тармагынан өнүксө жакшы болот. Бизде батыштын саясаты жакшы жүрүп жатат. Батышта адамдар көп психологго барышат. Кыргызстанда дагы 10-15 жылдан кийин талаш кесиптерге айлана турган психология кесибин тандоо жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлойм”.

Өткөн жылы уюштурулган бош жумуш орундары боюнча жарманкеге 3 миңдей адам катышкан, аларга 6 миңден ашык бош орундар тууралуу маалымат берилген.

Кыргызстандын ар кайсы тармактарынан 80 алдыңкы компаниядан иш берүүчүлөр, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен баарлашуулар өтүп, кесипке багыт берүү сынагы уюштурулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM