Биз менен байланышыңыз

Ташиев Райымбек Матраимов бюджетке 200 млн доллар кайтарарын айтты

Кыска кабар | 17 мая 2024 | 405 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 16-майда Кара-Суу шаарында «Манас» стадионунун абалы менен таанышуу учурунда коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалары тууралуу айтып берди.

Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар бардык мамлекеттик кызматкерлерди тазалоо жүргөнүн айтты. Матраимов өзү мамлекеттик казынага дагы 200 млн доллар кайтарышы керектигин билегиледи.

«Мына Райымбек Матраимовдордун кланы боюнча айтайын, биринчи кармаган маалда 2,2 млрд сом төгүп, чыгышкан. Бирок ошондо «мындан ары криминалдык аракеттерди жасабагыла, бажыга жакындабагыла, мамлекетти тонобогула» деген шарт койгонбуз. «Макул» деп кетишкен. Жарым жыл, бир жыл карадык, кайра эле баштап алышты. Кайра эле бажыга отуруп алышты. Мурдагыдан да көп уурдай башташты. Көлдөгү Көлбаев менен бүт ишкерлерди коркутуп, тоной башташты. Анан биз чара көрдүк. Акыры Матраимовдордун төртөөнү Бакудан кармап келдик. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар илинген. Бул 19 млрд сомдой акчаны түзөт» , — деди Камчыбек Ташиев.

Ал кошумчалагандай, УКМК тарабынан коррупция менен күрөшүүдөн мамлекеттик казынага 120 млрд сом кайтарылды.

Райымбек Матраимов Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен иш козголгон. Бүгүнкү күндө ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.

Атайын кызмат 2021-жылы ага «коррупция» беренеси менен иш козгоп, бул иш боюнча сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген. Матраимов да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төгүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM