Биз менен байланышыңыз

Бразилияда нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, кеминде 10 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 мая 2024 | 538 | 0

Бразилиянын түштүгүндөгү Рио-Гранде-ду-Сул штатында 1-майда катуу жааган жамгырдан улам аймакты суу каптады, анын кесепетинен он адам каза болуп, 21 адам дайынсыз жоголду, жергиликтүү бийлик кырдаал оор экенин жана мындан ары дагы начарлашы мүмкүн экенин билдирди.

1-май күнү штат губернатору Эдуардо Лейте президент Луис Инасио Лула да Силва менен сүйлөшүп, федералдык жардам сурап кайрылганын айтты.

Губернатор бороон-чапкындар штатта акыркы жылдардагы эң чоң кыйроолорго алып келгенин, көпүрөлөр урап, жолдор сел жана жер көчкүлөрдөн кийин шаардын бир нече социалдык мекемелери, инфраструктурасы жана турак жайлары кыйраганын айтты.

Быйыл жаз айында катуу нөшөрлөп жааган жаандан улам   Бразиялияда көптөгөн дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлгөн. Буга байланыштуу өлкөнүн синоптиктери суу ташкындары дагы башка  аймактарда катталуу коркунучу бар экенин эскертишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM