Биз менен байланышыңыз

Астана: Кыргызстандык 3 мушкер финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 2 мая 2024 | 573 | 0

Ушул күндөрү Астанада бокс боюнча 18 жашка чейинки мушкерлер арасында турнир өтүүдө.

1-майда 1/4 финалдык беттештери болуп, анда  Кыргызстандан 7 спортчу рингге чыккан.

Мушкерлер Зафарбек Камилов, Мухаммадазиз Закиров жана Тыныстан Алыбаевтер жеңишке жетип, 1/2 финалга чыгышты.

Нурболот Султанов, Бекмырза Абдукаримов, Айпери Адылбекова жана Бүзейнеп Капарова беттеште жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн четтеп калышты.

Буга чейин жарым финалга ата мекендик мушкерлер  Ясур Таалайбек уулу, Амантур Жумаев,  Дилербек Садиров, Медина Абылдаева жана Садыр Рахманбердиевтер  чыккан.

Жарым финалдык беттештер  эртең 3-майда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM