Биз менен байланышыңыз

Польшадан келген медиктер иштей баштады (фото)

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 572 | 0

Тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн Польшадан келген медиктер иштей баштады. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев билдирди.

«Польшадан келген медиктер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада ишке киришти. Алар коронавирус оорусун дарылоо процессине жардам беришет», — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, Польшанын медадистери 27-апрелге чейин Бишкекте болуп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыгерлерге жардам көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, республика боюнча 140 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алышкан. Алардын 10дон ашыгы сакайганы айтылууда.

 


Кытайдан медкызматкерлер тобу келди

Copyright © 2017 Maral FM