Биз менен байланышыңыз

Кытайдан медкызматкерлердин тобу келди

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 669 | 0

Бүгүн Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Кыргызстанга Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайлык кесиптеши Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Белгилей кетсек, Кытай коронавирустун башталышы болгон жана ийгиликтүү күрөшкөн өлкө катары белгилүү. Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө тажрыйбасы жакшы болгон өлкөлөрдүн ыкмасын колдонорун айтып келет.

Республика боюнча, COVID-19 коронавирустук илдетин жуктурган 568 адам тастыкталды. Анын ичинен 201 киши айыгып үйлөрүнө чыгарылса, каза болгондордун саны 7ге жетти.


20-апрель: Акыркы суткада 2 адам коронавирустан каза болду

Copyright © 2017 Maral FM