Кытайдан медкызматкерлердин тобу келди

Бүгүн Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт. Кыргызстанга Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайлык кесиптеши Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген. … Читать далее Кытайдан медкызматкерлердин тобу келди