Биз менен байланышыңыз

Коменданттык саат: Тартип бузгандар көбүнчө Бишкекте катталат

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 492 | 0

19-апрелден 20-апрелге карата республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 81 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Адатта коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, Нарын жергесине коменданттык саат 15-апрелден тарта кирди. Өзгөчө абал режими буга чейин иштеп келген аймактарда апрелдин 30уна чейин узартылган.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 66;
  • Жалал-Абад шаарында — 4;
  • Ош шаарында — 3;
  • Сузак районунда — 2;
  • Ноокат району — 1;
  • Нарын шаары — 4;
  • Ат-Башы районуну — 1.

Ал эми Кара-Суу районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2970 адам кармалды.

Copyright © 2017 Maral FM