Биз менен байланышыңыз

АКШда акыркы 24 сааттын ичинде 2569 адам коронавирустан каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 548 | 0

Дүйнө дале болсо тез таралып жаткан SARS-CoV-2 коронавирусу менен күрөшүп жатат. COVID-19 пневмония козгогучуна 2 миллиондон ашык киши кабылып, 134 миңден ашуун адам каза болду.

Илдетти жуктуруп алгандар 210 өлкөнүн аймактарында катталды. Учурда вирустан эң көп жабыр тарткан АКШ болууда. АКШда акыркы 24 саатта эле 2 569 адам өмүрү менен кош айтышкан.

Өлкөдө жалпы жонунан коронавирустун айынан 28 364 адам бул дүйнөдөн өтүп кетти.

 

Copyright © 2017 Maral FM