Биз менен байланышыңыз

Нурлан Акматов Евразия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө директор болду

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 387 | 0

Нурлан Акматов Евразия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ал өз каалоосу менен Евразиялык экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) кызматынан кеткен. Бул кызматта ал 2019-жылдын июнь айынан бери иштеп келген.

Нурлан Акматов 2018-жылдан 2019-жылдын башына чейин “Эл аралык “Манас” аэропорту” Ачык акционердик коомунун башкармалыгын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM