Биз менен байланышыңыз

Министр: Мектеп директорлорунун 40 %ы алмашат

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2020 | 9568 | 2

Мектеп директорлорунун ишин баалоо жана аттестациялоо боюнча жаңы механизмдер киргизилүүдө. Ага ылайык, III, IV чейректе директорлор, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери кайра баалоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.


Декабрда мугалимдердин кагаз иштери 50 %га кыскарат


Анын айтымында, аттестацияда 3 этаптуу компонет камтылат. Алдын ала маалымат боюнча анын негизинде мектеп директорлорунун 40 %ы алмашып, ордуна татыктуу жаш кадрлар келет.

«Тилекке каршы, директорлор саясий рычагдарын колдонушуп, механизмдерге жолтоо болууга аракет жасап жатышат. Анткени шайлоолорго иштеп берүү багытында көптөгөн тескери көрүнүштөр орун алууда. Мындай фактылар болсо, эл каршы турушу зарыл. Мектептерди саясаттан оолак кармап, директорлордун кандайдыр бир топтун кызыкчылыгына иштеп берүүсүнө жол берилбеши керек. Себеби саясат билим берүү тармагына да кирип кетсе, мамлекеттин келечегин жоготуп алабыз», — дейт министр.

Белгилүү болгондой, учурда директорлордун ишин жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, бир айлык мөөнөт менен иш алып барууда.

Бейшеналиев чечилүүнү талап кылган 3 приоритетүү маселени атады

2 пикир

2 пикир

  1. Аида Кубатбековна

    27.11.2020 13:02

    Жаш кадрларды директор болууга жумушка алабыз деп жазыптырсыз. Мен мектепте онунчу жыл иштеп атам. 3 дипломум бар. Башталгыч класс жана кыргыз тил адабияттан сабак берем. 3-билимим мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу. Кайсы жерге резюме жиберсем болот? Кимге кайрылсам болот?

  2. Pingback: Мектеп директорлорунун 40 %ы алмашып, ордуна татыктуу жаш кадрлар келет | eldik.media

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM