«Кыргызтелекомдун» жетекчилиги «КТ Мобайл» ЖЧК ишканасына жаңы директор кылып Мураталы Жакыповду дайындады. Бул тууралуу «Кыргызтелекомдун» маалымат кызматы билдирди.
Мураталы Жакыпов буга чейин Билим берүү жана илим министрлигине караштуу бөлүмдө жабдуулар боюнча адис болуп эмгектенип жаткан.
«КТ Мобайл» түзүлгөндөн тарта 9 директор алмашты.