Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары апрель жана май айларындагы айлык маянасын коронавируска каршы күрөшүү үчүн Өкмөткө жардам катары которду.
Бул тууралуу фракция депутаты Канатбек Исаев Парламентте сүйлөп жатып билдирди.
— Биз «Кыргызстан» фракциясы апрель-май айларындагы маяналарыбыздан баш тарттык. Бул каражатты Өкмөттүн ачкан эсебине расмий котордук. Биз башка фракцияларды да, Өкмөттү да биздин бул демилгени колдоого чакырат элек, — деди Канатбек Исаев.
Ал ошондой эле берилип жаткан бардык колдоолорду, эл аралык уюмдардан келген гуманитардык жардамдарды чыныгы муктаждарга даректүү жеткирүүгө Өкмөттү чакырып кетти.