Биз менен байланышыңыз

Канатбек Исаев: Президенттикке талапкерлердин бири Кытай мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп жатат

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 1064 | 1

Эскертүү: Бул — жарнамалык негиздеги материал. Анын мазмунуна «Марал» телерадио компаниясы жооп бербейт. 

Бүгүн, 5-январда президенттикке талапкерлер Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Адахан Мадумаров борбор калаадагы эски аянтта эл менен жолугушту. Аянтка чогулган бир нече миң адам бир ооздон учурдагы бийлик сунуштап жаткан президенттик башкарууга каршы экенин айтып турушту.

Жолугушуу учурунда Канатбек Исаев президенттикке талапкерлердин бири Кытай мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп жатканын ачык айтып чыкты.

«Кумтөрдү улутташтырам» деп жүрүп, элге таанылып алып, эми бийликке келгенде Кумтөрдү унутуп, Кумтөрдү кой, эми Жетим-Тоону сатабыз деп башташты. Завод-фабрика куруп да эмес, тоо боюнча жүктөтөм деп турат. Бул — кыргыздын келечегине кыянаттык.

5-октябрда эл система өзгөрсүн деп чыккан. Бүгүн эмне болду? Акаевдин «Алга Кыргызстаны», Бакиевдин «Ак Жолу», андан кийин «СДПК», «Биримдик» басып алган бийликти бүгүн «Мекенчил» басып алды. Тууган-урук, дос-кудага эл каршы. Бирок бүгүн кайра кудалар менен достор бийликте.

Бүгүн талапкерлердин бири Кытай мамлекетинин долбоору экени тууралуу видео тасма соцтармактарда таркап жатат. Эгер ал тасма чындык болсо, кантип аны эл башына алып келебиз?! Менде да бир топ фактылар бар. Президент болом деген бир талапкер Кытай мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп жатат. Эл каршы болгон, нарындык туугандар каршы болгон логистикалык борборду кайра баштаганы жатышат.  Кыргыз тараптан логистикалык борборду курам деп жаткан «Нур-строй монтаж» фирмасынын жетекчиси Эмиль Абдыкадыров деген адам. Ал «Мекенчил» партиясынын тизмесинде алтынчы болуп турат. Кайназаров Таштанбек деген кудасын миграция тармагына жетекчи койду деп жатабыз. Эми ошол адамдын иштеген жерин карагыла. Ал 3 жыл бою «Мадина» базарында чет элдик адамдардын укугун коргоп иштеген. Мадинада кимдер иштейт? Француздарбы? Немистерби? Ошол кытайлыктардын укугун коргогон адамды килейген миграция тармагына жетекчи кылып алып барып жатат. Эгер логистикалык борбор курулуп калса, 2-3 миң кытай келип, Нарын облусунан кол жууп калышыбыз ыктымал.

Бүгүн Садыр Жапаровдун башкы штабы отурган имарат Жунус уулу Адыл деген кытайлык жаранга таандык. Ал Кытайда туулган, Кытайда губернатордун кызын алган. Балдары Кытайда жашайт. Бүгүн күйөө баласы Кытайда губернатор. Былтыр атасы каза болуп, сөөгүн Кытайга койду. Кытайдан түңүлгөн адам ата-энесин кыргызга алып келмек да. Анан ошол адам кыргызга күйөбү?!

Ошол Жунус уулу Адылдын фирмасын карадык. Алтын-күмүш казууга лицензиясы бар. Бир кыргызга, андан соң дагы бир кыргызга катталып, бирок аягы кытайлык фирмага такалат экен. Атайын Юстиция министрлигинен таап чыктык. Мына чындык!

Азыр «Нарынга логистикалык борбор курабыз, Жетим-Тоону беребиз» деп, кытайды алып киришсе эмне болот? Ансыз да толгон-токой жумушчулары жүрөт. Артында 1,5 миллиарддай калкы турат. Алар кирип келсе улут катары жоголуп кетүүбүз мүмкүн.

Ошондуктан ойлонолу, кыргызым, уулду үйлөнтүп жатканда, келин тууралуу жаман кептер башталса, үйлөнө электе териштирет. Үйлөнтүп койгондон кийин териштирбейт да. Ошондуктан ар бир маалыматты окуп, карап чыгып, татыктуусун шайлагыла! Эгер жанагы ватсапп аркылуу таркап жаткан видео чын болуп калса, кантип башка мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон адамды шайлайбыз?! Мен кыргыз жерин сатканга жол бербейм!» — деп билдирди Канатбек Исаев.

1 пикир

1 пикир

  1. Атбашы

    10.02.2021 19:39

    Эмил Абдыкадыров — партиядан партияга секирген саткын. Акаев, Бакиев учурунда Вице-мэр болуп Бишкектин 30дан ашык жерин, объектилерин мыйзамсыз менчиктеп алган. АША убагында логистический центр салам деп кытайга жер берилип кете жаздады.
    Ушундайлар элди жыргатабы деги?!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM