Биз менен байланышыңыз

Элеттиктерди шаарларга массалык түрдө каттоо күч алды

Кыска кабар , Саясат | 13 Фев 2020 | 252 | 0

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата өлкөнүн 5 шаарында жарандардын жашаган жери боюнча катталуусу кескин жогорулаган. Бул маселе парламентте да көтөрүлдү. Эл өкүлдөрү катталууларды шайлоону сатып алуунун бир түрү катары баалап, көйгөйдү чечүүнүн жолдору талкууланды. Түзүлгөн кырдаал боюнча БШКнын төрайымы жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү түшүндүрмө берип, депутаттардын суроолоруна жооп узатышты. Массалык каттоолор боюнча учурда анализ жүргүзүлүп жатат. Эртең, 14-февралда бул боюнча коомчулукка толук маалымат берилет.


Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланыштуу республиканын 5 шаарында жарандарды массалык түрдө каттоолор байкалды. Бул маселе Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жалпы жыйынында каралды.

Ош, Токмок, Балыкчы, Майлы-Суу жана Каракол шаарында каттоого турган жарандардын санынын өсүшү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлүп, жагдайды анализдөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова төмөнкүчө билдирди:

— Укук коргоо органдарынын алдында шайлоого байланыштуу анализди чогуу жүргүзүү маселеси коюлду. Эгерде мыйзам бузуу аныкталса, буга тийиштүү чаралар көрүлөт. Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында күнөөлүү адамдарды, кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу милдети коюлган.  

Маалыматка ылайык, 22-февралга чейин шайлоо участкаларына шайлоочулардын тизмелери илинет. Бирок эл өкүлү Кенжебек Бокоев бул жерде да мыйзам бузулуп жатканын айтып, ал үчүн өкмөттүн жоопкерчилигин кароо керектигин белгиледи.

Мыйзамдын нормасы аткарылбай жатат. Бул жерде жарандарды шайлоо тизмесине киргизүү үчүн Каттоо кызматы атайын ушундай кылууда. Балким, атайын схема болуп жаткан чыгаар. 

Депутат Абдыбахап Нурбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жарандарды өз үйүнө каттоого алып жатканын билдирип, бир үйгө 400 адамды каттоого алуунун мыйзамдуулугуна кызыкты.

— Үйүнө 500 адамды каттоого койгон кызматкерлердин тизмесин бергиле, коомчулукка жарыялап коёлу. 

Ал эми Мамлекеттик Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов батирге каттоого турууда адамдарын санына чек киргизилбегендигин билдирди.

— Үйдүн ээси макулдугун берсе, каттоого алына берет. Албетте, үйдүн ээсинин арызы бар. 

Каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Караколдо 2700дөн ашуун, Балыкчыда 369, Майлы-Сууда 370тен жогору, Токмокто 6950, Ошто 33 миң 805 жаран каттоого турган.

Депутат Канатбек Исаев шаарларда шайлоочулардын санынын кескин көбөйүүсү БШКнын жоопкерчиликсиз мамилесинен келип чыкканын айтып, алардын ишин сынга алды:

— Сиз (Нуржан Шайлдабекова) жоопкерчиликти Каттоо кызматына же башкаларга жүктөбөңүз. БШКнын төрайымы бардык шайлоо процесстерине жооптуу. Эгерде 2016-жылы биз берген фактыларга реакция кылганыңыздарда бүгүн бул процесстер уланмак эмес. 2016-жылы Токмокто тизмеде жок адамдарды тизмеге киргизип, ошого жол бердиңер. Ошол себептен учурда буга керек болсо мыйзам да жол берүүдө. Бир мүмкүнчүлүктү ачып алып, каттоого туруп жатышат. Жергиликтүү кеңештин шайлоосун дайындуу өткөрө албасаңар, парламенттик шайлоону кантип өткөрөсүңөр?

БКШнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова белгилегендей, шайлоого жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү гана катыша алат. Анын мүчөлүгү паспортто көрсөтүлгөн маалыматы менен такталат. Тагыраак айтканда, шайлоого 15 күн калганда берилген арыздар, өзгөрүүлөр кабыл алынып, тизме такталат. Эл өкүлү Жанар Акаев акыркы 6 айда каттоого тургандарды шайлоо укугунан ажыратууну сунуштады.

Бирок парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков шайлоочулардын укугун чектөөгө мыйзам жол бербей турганын айтып, маселени чечүү боюнча төмөнкүдөй оюн айтты:

— Конституциянын 2-беренесинин 1-пунктунда Кыргыз Республикасында ар бир адамга эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу деп так көрсөтүлгөн. Мунун негизинде биз аларга чек коё албайбыз. Өкмөт токтом же шайлоо мыйзамдарын алып келсе, кайсы убакта турак жайга канча киши каттоого өтөт же болбосо салык түрүндө, же болбосо коммуналдык төлөмдөрүн карап көрүп, ошонун негизинде гана мыйзамдаштырбасак, эч убакта шайлоочулардын укугун чектей албайбыз.

Эл өкүлү Жанар Акаев калаадагылар өз мэрин, депутаттарын тандап алуу укугунан ажыратылып калганын, паспортун алдырып жиберген жарандар жөлөкпул ала албай убара тартып жатканын айтып, бул көйгөйдү жөнгө салуу боюнча төмөнкүдөй сунуш берди:

— Айылдарда жарандардын турак жайларынын 90%ынын техникалык паспорту жок. Алардын паспортторун алып келип туруп, азыр шаарга каттоого тургузуп жатабыз. Партиялар шайлоо бүткөн соң «кете бергиле» деп коёт. Алар эмне көчөдө калабы? Ошондуктан жарандар да кимди шайлашы керек экенин ойлонушу керек. Экинчиден, укук коргоо органдары студенттердин паспортун жыйнап алып, аларды каттоого коюп жаткан мугалимдерге да чара көрүшү зарыл. 

Кошумчалай кетсек, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM