Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк элге насыя берүүгө чектөө киргизеби?

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 428 | 0

Улуттук Банк элге насыяларды берүүнү чектөө боюнча башка банктарга тымызын көрсөтмөлөрдү берип жатат. Мындай маалыматты «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айтты. Депутат вице-премьер Эркин Асрандиевге кайрылып, бул багытта иштерди жүргүзүүгө чакырды.

Азыр кээ бир банктардын ээлери Улуттук Банктан тымызын «Насыяларды бергенди азайткыла,  насыя кайра кайтарылбайт. Азыр кризис болот, тобокелчиликтер чоң» деген көрсөтмөлөр болуп жатканын айтып жатышат. Элди насыя менен камсыздап, колдоонун ордуна мындай чектөөлөрдү киргизсеңер, анда абал жакшы болбойт, — деди депутат.

Буюрса коронавирус апаатын да жеңебиз, анын эртеси да болот. Анан эл эмне кылат, ишкерлер кантет? — деп суроо салат депутат.

Copyright © 2017 Maral FM