Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын банктарга жана финансы-кредиттик уюмдарга койгон талаптары (тизме)

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 569 | 0

Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт:

  • кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;
  • кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат;
  • берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде үч ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат;
  • кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.
  • Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот.

Copyright © 2017 Maral FM