Биз менен байланышыңыз

Жеенбаева: Өкмөт тек гана насыяларды эмес, гранттарды да кошо тартууда

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 451 | 0

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө, жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн.  Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди.

Бактыгүл Жеенбаева билдиргендей, ошол эле убакта COVID-19 глобалдык пандемиясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен байланышкан кошумча чыгымдардын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн.

Ушундан улам финансы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүп жатканына токтолду:

Биринчиден, Финансы министрлиги бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын дагы бир жолу кайра карап чыгууга чакырууда.

Экинчиден, бизге гранттарды жана эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөттөргө кредиттерди тартып келүү максатында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, эл аралык финансылык институттарга, донор өлкөлөргө кайрылууга туура келди. Алардын кредиттери биз үчүн алгылыктуу болуп саналат.

Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү – 10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы – 38 жыл.

Жогоруда белгилеп өткөндөй, ресурстардын пайыздык чендери да республикабыз үчүн алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары 0,7 пайыздык чен менен берилсе, Дүйнөлүк банктыкы –0,75 пайыздык чен менен, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 1 пайызга чейинки чен менен берилет. Ошол эле убакта берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар.

Өкмөт тек гана жеңилдетилген кредиттерди тартып келбестен, аларды гранттары менен кошо да тартып келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM