Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев «Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын Токмоктогу сатылып кеткен китепкана боюнча айыптоолоруна жооп берди:
«Мен Токмок шаарын башкарып турганда китепкананы саткан жокмун. Биз мурунку китепкананы саттык. 2008-жылы 13-мартта мурунку мэр Арзымат Сулайманкуловдун кайрылуусу менен Токмок шаардык кеңеши маданий имараттардын тизмесинен бул китепкананы чыгарган. Ошол эле токтом менен менчиктештирүүгө кете турган тизменин катарында аныктап жатат. Ошол тизменин ичинде «мурунку китепкана» деп турат. Шаардык кеңештин ошол токтому чыккандан кийин жарым жыл өткөн соң, мен мэр болуп барып жатам. Демек, мен китепкананы эмес, мурунку китепкананы сатып жатам», — деп билдирди эл өкүлү «Азаттыкка» берген маегинде.
Ошондой эле, ал китепкана эч убакта тарыхый архитектуралык баалуулуктардын катарына кирген эместигин, мунун соттон да аныкталгандыгын, аталган имараттын жараксыз болгондугуна байланыштуу депутаттар ушундай чечим чыгаргандыгын кошумчалады.
Мындан сырткары, Канатбек Исаев Ширин Айтматованын иликтөөсүн «курулай ушак» деп баалап, Айтматованы сотко берип, андан айткандарын далилдеп берүүсүн талап кыла тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, «2007-2008-жылдары 100 жылдык тарыхы бар Токмок шаарындагы бирден бир архитектуралык имарат болгон китепкананы бузуп, сатып жиберген»,- деп Ширин Айтматова өзүнүн ютуб каналына чыгарган иликтөөсүндө Исаевге доо койгон болчу.