Биз менен байланышыңыз

Жек Манын гуманитардык жардамы Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 1093 | 0

Бүгүн, 10-апрелде кытайлык миллиардер, Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма жана анын кайрымдуулук фонду тарабынан коргоочу костюмдар, коргоочу беткаптар, термометрлер жана башка гуманитардык жардам чартердик жүк каттамы менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, жакын арада экспресс-тесттердин жана жасалма дем алдыруучу аппараттардын келиши күтүлүүдө.

Жардамдын жалпы суммасы 1 миллион 800 миң юанды түзөт. Жардам Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Жек Манын кайрымдуулук фонддорунун өз ара аракеттенүүсү аркылуу көрсөтүлгөн.

Тышкы иштер министрлиги аталган фондго жана жетекчиси Жек Ма мырзага, COVID-19 коронавирусуна каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Кошумчалай кетсек, аталган фонд буга чейин Орусия, АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрүнө да гумжардам берген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM