Биз менен байланышыңыз

Дүйнө: коронавирустан 355 миңдей адам айыгып, 95 миңдей адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 498 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 8-апрелдин түнүнө алынган маалыматы боюнча, дүйнөдө жаңы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1,436 млн.  Ал эми, Жон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө 1,601 млн адам илдетке чалдыкты. Ошол эле учурда 355 миңден ашык адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. Жуктургандардын жалпы саны — 466 миң. Экинчи орунда — Испания (153 миң), Италия — (143,6 миң). Германия (118, 2 миң).  Франция (118,7 миң). Пандемия башталган Кытай илдетке чалдыккандардын саны боюнча алтынчы орунда калды (82 924 адам).

Орусия боюнча коронавирус тастыкталган 10 131 учур аныкталды. Аталган оорудан 698 адам айыгып, 76 адам көз жумган.

Жогоруда аталган университеттин маалыматы боюнча, дүйнөдө 95 731 адам коронавирустан көз жумган. Өлүмдүн эң көп саны Италияда катталды — 18 279. Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча вирустан 85,5 миңден ашуун адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM