Биз менен байланышыңыз

КМШ өлкөлөрүндө коронавирусту эң көп жуктурган 3 мамлекет (тизме)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 1563 | 0

10-апрелге карата коронавирусту жуктуруунун саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусияда эң көп катталган. Жуккандардын жалпы саны — 10 131 адам. Андан кийинки орунда Беларуссия турат (1486). Үчүнчү орунда — Молдова (1289).  Азербайжанда — 926, Арменияда — 921, Казакстанда — 802, Өзбекстанда — 624 жана Кыргызстанда — 298.

Ал эми Украинада акыркы маалыматтар боюнча, вирусту жуктургандын саны 1 892ге жетти. Грузияда — 218. Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда жана Түркмөнстанда коронавирус жуккан учурлар каттала элек.

Молдованы эске албаганда, жогоруда аталган өлкөлөрдүн баарында өлүмдүн деңгээли 1,5% (Молдовада — 2,25%) ашпайт.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 1,6 миллион адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 95 миңден ашуун адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM