Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын отузу жаш балдар

Кыска кабар | 9 Апр 2020 | 822 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 280 кишинин ичинен 147 – аял, 133 – эркек. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна, алардын ичинен 30у 15 жашка чейинки жаш балдар болсо, экөө бир жашка чейинки наристе. Ал эми 16дан 19 жашка чейинкилер — 11, 20дан 35 жашка чейинкилер — 71, 35ден 55 жашка чейинкилер — 101, 55 жана андан жогорку курактагы бейтаптардын саны 67и түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында 34 медицина кызматкери бар.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталып, жалпы ооругандардын саны 280 кишиге жетти. Алардын ичинен 34ү медиктер, 30 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми илдетти жуктуруп алган 4 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM