Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 өзбекстандыкта коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 621 | 0

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда чет өлкөлөрдө жүргөн 23 Өзбекстандын жараны коронавирус жуктуруп алышкан. Алардын ичинен Австрияда (1), Арменияда (1), АКШда (10), Бириккен Араб Эмираттарында (1), Кореяда (1), Пакистанда (5), Орусияда (1), Таиландда (1), Казакстанда (2).  Ошондой эле алардын ичинен үчөө АКШда көз жумду. Бул тууралуу centralasia.media жазды.

Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бул жарандар жана алардын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышта болушат жана зарыл консулдук жана укуктук жардам көрсөтүшөт, — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстандын чет өлкөлөрдөгү бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери эмгек акыларынын бир бөлүгүн коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын жардам фондуна которушкан.

Copyright © 2017 Maral FM