Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Шайлоо тилкеси уюштурулган 29 өлкөнүн 12синде добуш берүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 566 | 0

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Чет жердеги мекендештердин укугун камсыздоо үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо тилкеси уюштурулган. Булардын ичинен 10 участка быйыл жаңы түзүлгөн.

  • Орусиянын Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара шаарларында;
  • Түркиянын Анталья шаарында;
  • АКШнын Нью-Йорк, Чикаго шаарларында;
  • Италиянын Кальяри (Сардиния аралы) шаарында;
  • Венгриянын Будапешт шаарында.

Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, чет жерден добуш берген жарандардын саны 2,5 эсеге көбөйүп, 84 миң 128ди түздү. Былтыр чет өлкөдөн 32 миң 602 шайлоочу катталган.

Чет жердеги мекендештердин шайлоого катышуусун көзөмөлдөө, мыйзам бузууларды болтурбоо боюнча ТИМдин алдында атайын штаб түзүлүп, шайлоо күнү жарыялангандан бери иштеп жатты.

Чет жердеги шайлоо тилкелеринин ичинен эң алгач 28-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 3:00дө Орусиянын Южно-Сахалинск шаарындагы участка ачылды. Эң акыркы болуп, эртең, 29-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө АКШнын Чикаго шаарындагы шайлоо тилкеси ачылат.

Учурда Орусия, Жапония, Кытай, Малайзия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттарында добуш берүү жүрүп жатат. Саат 10:00гө карата 636 чет жердеги шайлоочу добуш берди.

Шайлоого байкоо салуу үчүн Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан 132 эл аралык уюмга, дипломатиялык өкүлчүлүккө кат жөнөтүлүп, 736 эл аралык байкоочу каттоодон өткөн. Кыргызстандагы шайлоону 7 мамлекеттин 50 журналисти чагылдырып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM