Биз менен байланышыңыз

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов Бишкекке учуп келди

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 984 | 0

Москвада реабилитациядан өтүп жаткан Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов кечээ, 6-апрель күнү Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, ал Ички иштер министрлигинин бейтапканасына жаткырылды.

Эскерте кетсек, Курманкулов былтыр 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя учурунда башынан жаракат алып, Орусияда дарыланып жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM