Connect with us

Караколдогу көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 818 | 0

Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб Кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алууну чечкен. Анткени, бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган.

Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес.

Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечим кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө ширетүүчү аппаратты колдонуу менен подъезддин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

«Белгилей кетсек, муниципалитет жарандардын кыймылына чектөө киргизүүнү ниет кылган эмес. Каттамдык баракчаларды +996701392260 номери аркылуу алууга болот», -деп айтылам маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM