Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 602 | 0

Кыргызстанда 30-ноябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 405 бейтап, амбулатордук түрдө 488 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 351 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 230 киши айыгып чыкса, 2 миң 746 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM