Биз менен байланышыңыз

COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 332 | 0

Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирус 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 45, Ош шаары — 3, Чүй облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу — 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 703 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 616 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM