Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 104 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 402 | 0

Кыргызстанда 5-октябрга карата коронавирус 104 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 69, Ош шаары — 1, Чүй облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусу – 5, Баткен облусу — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 690 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 614 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM