Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 66 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 385 | 0

Кыргызстанда 25-сентябрга карата коронавирус 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 44, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда — 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 36 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 655 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 629 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 97 киши айыгып чыкса, 2 миң 655 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM