Биз менен байланышыңыз

Бүгүн 43 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 380 | 0

Кыргызстанда 4-октябрга карата коронавирус 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 26, Чүй облусунда – 4, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусу – 2  адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 712 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 783 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 608 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM