Биз менен байланышыңыз

COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 544 | 0

Кыргызстанда 6-октябрга карата коронавирус 80 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 22, Ош облусу – 1, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусу – 5, Баткен облусу — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 90 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 676 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 932 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 712 киши айыгып чыкса, 2 миң 612 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM