Биз менен байланышыңыз

Парламенттик коалиция Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 921 | 0

Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен саламаттыкты сактоо министри кызматын тапшырган Космосбек Чолпонбаевдин ордуна Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси катары иштеген тажрыйбасын эске алуу менен коронавирус илдетинин глобалдык коркунучунун шартында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди чече аларына ишеним артып, Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин сунуштап жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM