Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жаңы аныкталган 4 учурдун бирөө Орусиядан келген

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 1566 | 0

Бүгүн, 1-апрель саат 12.00гө карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алды. Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 учур сырттан келген, тагыраагы, Орусиядан кайткан. Калган үчөө оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ошондой эле, Мамбетов жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калгандыгын, бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга электигин, абалы орто оор экендигин кошумчалады.

COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6028 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал).

Анын ичинде:

-I категориядагы байланышта болгон жактар (жакындар жана үй-бүлөлүк байланыштар) – 1612;

-II категориядагы байланышта болгон жактар (башкалар) – 4416;

Коронавирус Кыргызстанда пайда болгондон бери жалпы 9128 адамга изилдөө жүргүзүлсө, бир суткада 884 изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Учурда өлкө боюнча 1588 адам обсервацияда.

Copyright © 2017 Maral FM