Биз менен байланышыңыз

31-март: Дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 4055 | 0

Бүгүн, 31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун жаӊы 13 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бүгүнкү брифингде билдирди.

Коронавирус жуктуруунун 13 жаӊы учурунун аймактарга карата бөлүнүшү:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 1.

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар.

Акыркы эки күндө 23 (10+13) учур аныкталды, алардын ичинен төртөө сырттан келгендер. Калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраак айтканда, жергиликтүү (ички) жуктуруучу.

Жуктуруунун 19у ички учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жаралган.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Copyright © 2017 Maral FM