Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Коменданттык саат киргизилгенден бери 900 дөй адам кармалды

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 332 | 0

Бир суткада, саат 20:00дөн 7:00гө чейин Бишкекте 137 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-марттагы брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын 18и аял, 116сы эркек, анын ичинде 3 өспүрүм бар.

Кошумчалайк кетсек, коменданттык саат киргизилгенден бери Бишкекте жалпы 876 адам кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM