Биз менен байланышыңыз

24 сааттык коменданттык саат киргизилет деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 674 | 0

24 сааттык коменданттык саат киргизүү жөнүндө тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Месенджерлерде «өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизилет, буга байланыштуу тез арада азык-түлүк сатып алуу керек», — деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок.Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү бул маселе боюнча кошумча түшүндүрмө берет.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалымат жыйынында 24 сааттык коменданттык саатка байланыштуу маселе боюнча айткан текстинин үзүндүсү кесилип алынып, туура эмес чечмелеген.

Кубатбек Боронов маалымат жыйындын жүрүшүндө өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген. Калк өзүнүн саламаттыгы жана жакындары менен туугандарынын ден соолугу үчүн күндүзү негиздүү себептерсиз бардык жүрүүлөрдү максималдуу түрдө чектөөгө тийиш. Социалдык изоляция эрежелерин сактоо керек, бул жарандык коомдун кынтыксыз аткарыла турган талабы болушу кажет. Антпесе баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн зор тобокелдиктер туулат.

Чараларды күчөтүү максатында жөө патрулдардын 410 каттамы иштелип чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM