Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавируска 1534 адам кабылып, 18и көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 409 | 0

Москванын Коммунарка 40тагы ооруканасына бир сутка ичинде 28 оорулуу кайрылып, 8 адам ооруканадан чыгарылган. Эки адам коронавирустун айынан көз жумган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Денис Проценко билдирди. Каза болгон бир бейтаптын жашы 80де болгон. Ал жүрөк оорусунан жапа тартып келгени белгилүү болду. Бейтапка төрт сутка бою өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган. Өлгөн экинчи бейтаптын жашы 69да болгон. Ал кант диабети, пневмония менен ооруканага келип түшкөн. Орусияда пандемия башталгандан бери 1534 адам коронавирусту жуктуруп алган болсо, 18 адам оорунун кесепетинен көз жумган. 64 адам сакайып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM