Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Казакстанда вирус жуктургандар 300гө чамалады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 402 | 0

30-март саат 11:20га карата Казакстанда коронавирус жуктурган 9 адам катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Казакстанда жалпы бейтаптардын саны 293 адамга жетти.
Алардын ичинен:
— Нур-Султанда 167 адам;
— Алматы шаарында 73;
— Карагандада 7;
— Жамбыл облусунда 3;
— Атырау облусунда 12;
— Акмола облусунда 9;
— Шымкентте 2;
— Чыгыш Казакстан облусунда 2;
— Алматы облусунда 6;
— Актөбөдө 2;
— Түндүк Казакстан облусунда 1;
— Павлодарда 1;
— Мангыстау облусунда 1;
— Батыш Казакстан облусунда 5;
— Кызыл-Ордо облусунда 2 адам бар.

Казакстанда буга чейин 1 адам коронавирустан каза болгон. 18 киши илдеттен айыккан.

Буга чейин Алматы жана Нур-Султан шаарлары карантинге жабылган болчу. Бүгүн, 30-марттан баштап Казакстандын Караганда облусунун 5 шаары карантинге жабылат.

Карантинге жабыла турган шаарлар:

— Темиртау;

— Саран;

— Шахтинск;

— Абай;

— Караганда.


Copyright © 2017 Maral FM