Биз менен байланышыңыз

29-март: Дагы 26 жарандан коронавирус аныкталды, жалпы 84кө жетти

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 3748 | 0

2020-жылдын 29-марты саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Ошентип республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84кө чейин өстү.

Жаңы катталган 26 жарандын ичинен:

Бишкек шаарында — 4;

Чүй облусунда — 2;

Нарын шаарында — 1;

Ош шаарында — 6;

Жалал-Абад облусунда 13 жаңы учур аныкталды.

Кыргызстанда коронавирус боюнча алгачкы жагдай 18-мартта катталган. Ал эми чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык жарандан коронавирус табылды.


Өзгөчө абал: Коменданттар элге кайрылды


Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Эмоцияны башкаруу үчүн 6 сунуш

Copyright © 2017 Maral FM