Биз менен байланышыңыз

Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Эмоцияны башкаруу үчүн 6 сунуш

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 2722 | 0

Белгисиздикке болгон коркунуч – мээнин табигый реакциясы. Коронавирус пандемиясынын учурдагы абалы жакшы эмес. Кош көңүл мамиле жасоо оңой эмес. Ошентсе да, кантип реакция кылыш ар кимдин өз колунда. Дүрбөлөңгө түшүү менен коронавирусту токтотуп коёсузбу? Айтыш кыйын. Бирок, психикаңыздын жабыркашы анык. Ошондой эле, оперативдүү чечим кабыл алып, аныкталган маалыматтар менен кабардар болуп, коргонуу чараларын жакшы билсеңиз жана сунушталган эрежелерди так аткарсаңыз, жагдайдын критикалык деңгээлин төмөндөткөнгө шарт түзөсүз.

Төмөндө азыркы жагдайда эмоцияга алдырбай, сиз үчүн эффективдүү болгон психологдор сунуштаган ыкмалардын тизмесин сунабыз:

Маалымат булактарын тактаңыз

Image result for страх из-за коронавирус как не паниковать

Расмий жана ишенимдүү булактардан гана жаңылыктарды окуңуз. Комментарий жазып, коронавирус тууралуу маалыматты жайылтууга ашыкпаңыз. Сиз канчалык көп окуп, коронавирус тууралуу сүйлөгөн сайын мээңиз ошончолук коркунучтуу картиналарды жаратып баштайт. Картина канчалык коркунучтуу болсо, сиздин ага болгон ишенимиңиз ошончолук күч аларын унутпаңыз.

Интернеттин пайдасын көрүңүз

Эң жакшысы интернеттеги убактыңызды жакындар менен баарлашып, чет тилдерин үйрөнүп, пайдалуу жана кызыктуу видеолорду көрүүгө жумшаңыз.

Мисалы: тамак жасоонун жаңы түрлөрүн үйрөнүңүз. Бул мээңиздин эс алуусуна, тынчтануусуна жана маалыматты талдап кабыл алуусуна шарт түзөт.

Эмне кыла аларыңыз боюнча тизме түзүңүз

Ар кандай жагдайга жараша план иштеп чыксаңыз болот. Эпидемия айынан карантин жарыяланып,  досторуңуз, кесиптештериңиз, тууган-туушкан менен болгон байланыштарга чектөө кирди. Ар бир жагдайга ылайык эмне кыласыз, эмне кылсаңыз болот деген суроого жараша жооп жазыңыз. Бул сизге баары көзөмөлдө болгондой сезимди жаратып, кандай жагдай болбосун, колуңуздан бардык нерсе келерин түшүнүүгө жардам берет.

Эмне тынчыңызды алып жатканын так жазыңыз

Бул аракет тынчсызданууңузду башка нерсеге өткөрүүгө (кагазга) жана бир аз эмоцияңызды басууга жардам берет. Негизинен, кооптонуу уйкуну бузат. Белгилүү болгондой, уйку системасынын бузулушу, чала уйку, толук эс албоо иммунитетти алсыратат.

Ушул жерди, азыркыны гана ойлоңуз

Коркуу – бул алдыдагы нерсе үчүн тынчсыздануу. Эгерде сиздин же жакындарыңыздын ден-соолугу коркунучта болсо, эми эмне болот, ким, качан өлөт (кудай сактасын) деп эмес, эмне кылыш керек, коркунучту кантип азайтыш керек деген нерсени ойлонуңуз.

Андай жагдай жок болуп эле, жаңылыктардан улам коркуп жаткан болсоңуз, ашыкча маани бербөөгө аракет кылыңыз. Ошондой эле, кантип сактанууну үйрөнүп, алдын алуу үчүн эрежелерди аткарууга көңүл буруңуз. Мамлекет киргизген эрежелерди да так аткарыңыз.

Позитивге көңүл буруңуз

Адамдын мээси негативди бат кабыл алууга ыңгайлашкан. Ошондой эле, белгисиз нерседен жамандыкты жасап чыгууга уста. Ошондуктан инсандар үчүн позитивге караганда негатив көптөй сезилет. Ал эми ар кандай такталбаган маалыматтардын көптүгү ал сезимди дагы да күчөтөт.

Изилдөөлөргө ылайык, бир жаман кабарды контролдоо үчүн 3 жакшы кабарды окууга туура келет экен. Демек, күн сайын көптөгөн жакшы жаңылык окууга туура келет. Албетте, жакшы жаңылык болбосо, эмнени окумак элем дешиңиз мүмкүн. Жок дегенде негативди окууну азайтыңыз.

Коронавирус боюнча деле жакшы жаңылык жок эмес. Эгер адам гигиенага жакшылап көңүл буруп, иммунитетти көтөрсө, вируска кабылуу тобокелчилиги азаят, ошондой эле, илдеттен айыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Кары адамдар көп каза болот деп айтылып жатат. Бирок, буга чейин коронавируска чалдыккан 101 жаштагы, 94 жаштагы улуу адамдардын айыккан учурлары да болбой койгон жок.

Дүрбөлөң салган ойлор менен алышуу оңой эмес, ошентсе да аны жок кылса болот. Эң башкысы – чыныгы каалоо менен өзүнүн үстүнөн иштөө. Ден-соолукта болуп, сабырдуу болуңуз!


Үй шартында антисептик каражаттарын даярдоо жолдору

Үйдө отуруп иштей баштагандар үчүн 12 кеңеш

Copyright © 2017 Maral FM