Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал: Коменданттар элге кайрылды

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 1318 | 0

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин шаар тургундарына кайрылуусу:

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Эгер биз аң-сезимдүү болбосок, коронавирус ар бирибизге жугушу мүмкүн. Өзгөчө ата-энелерин карап жаткан жарандар, аларды жалгыз калтырбаңыздар, жандарында балдары болушу керек. Коронавирустан эң биринчи кезекте кары адамдар жабыркайт».

Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдиновдун кайрылуусу:

«Урматтуу Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Ош шаарынын тургундары, меймандары! Биз баарыбыз бүгүнкү өзгөчө абалга, карантинге көнө баштадык. Ар бириңиздер үйлөрүңүздөрдө санитардык, гигиеналык абалды туура жана жакшы аткарып жатасыздар. Биз буга күбөбүз. Ушул тазалыкты мындан ары да улантып, бүгүнкү чектөөлөргө чыдап бериңиздер. Бул күндөр дагы өтүп кетет. Жалпы элдин саламаттыгын ойлонолу»!

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин айрым райондордо өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

Өзгөчө абал киргизилген аймактагы жарандар күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:
 Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
 Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
 Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Өзгөчө абалда берилүүчү өткөрмө баракчасы электрондоштурулат

Copyright © 2017 Maral FM