Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абалда берилүүчү өткөрмө баракчасы электрондоштурулат

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 676 | 0

Өзгөчө абалда берилүүчү өткөрмөлөр 1-2 күн ичинде электрондоштурулат. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда берилүүчү өткөрмөлөрдү электрондук түрдө берип баштайбыз. Биз форс-мажор шартында иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнүшөт деп ойлойм. Ошондуктан, бул жагдайды оңдойбуз», — деди Орозалиев.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин айрым райондордо өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

Өзгөчө абал киргизилген аймактагы жарандар күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:
 Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
 Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
 Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Учурда Бишкектин айланасында 120 блокпост коюлган. Андан өтүү муктаждыгы болгон жарандар, өткөрмө кагазы үчүн кайрылса болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM