Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 28-апрелге карата коменданттык саатты бузган 72 жаран кармалды

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 521 | 0

28-апрелге караган түнү коменданттык сааттын шартын бузган 72 жаран кармалып, 3 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары – 57, Ош шаары – 3, Жалал-Абад шаары – 1, Сузак району – 4, Нарын шаары – 2, Ат-Башы району – 5 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3654 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM