Биз менен байланышыңыз

Орозалиев: Коомдук жайларда кылмыштуулук 300% төмөндөдү

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 593 | 0

Өзгөчө абал режими киргизилгенден баштап 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин коомдук жайларда кылмыштуулук 300% төмөндөдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

− Бул мыйзамга баш ийген жарандар өзүн-өзү изоляцияга алуу режиминде болгондугуна байланыштуу, биз коомдук жайларда дээрлик кылмыштарды каттаган жокпуз, — деп билдирди ал.

Мындан сырткары, Орозалиев гуманитардык фонддордун атын жамынып, гумжардам көрсөтүүдө алдамчылык учурлары катталып жатканын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM